“Биз үчүн ар бир кармаган буюму баалуу”. Жубайы Элмирбек Иманалиевдин музейге айланган бөлмөсүн көрсөттү

Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо кечээ 44 жашка чыкмак. Акындын үй-бүлөсү аны эскерүү иретинде Элмирбек Иманалиевдин жакындарын үйүнө чакырып, куран окутту. SUPERTV да анын үйүнө барып, үй-бүлөсүнүн ал-акыбалын сурап кайтты.

Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдрашитова жолдошу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

“Элмирбек экөөбүздүн бөлмөбүздү азыр анын сыйлык, дипломдору, комуз, буюмдары менен толтуруп, чакан музей сыяктуу кылып жасап койдум. Анын ар бир кармаган буюму биз үчүн кымбат. Буюмдары калды – өзү жок”, — деди ал.

Ошондой эле, жолдошун сагынганын айтып, көзүнө жаш алды.

«Сагындым, аябай сагындым… Азыр Элмирбектин баскан чаңына зар болуп жашап жатабыз”, — деди ал.

Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүн төмөнкү видеодон көрө аласыз.