«Бизде убакыт өтө аз». Азиз Мурадиллаевдин абалы туруктуу оор экени маалым болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы туруктуу оор. Ассоль Молдокматова жазган маалыматка караганда, учурда Түркиянын, Орусиянын клиникалары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Боорду алмаштырууга жетишип калуу керек. Дарыгердин айтымында, учурда учакта ташуу кооптуу. Дарыгерлердин макулдугун күтүп жатабыз. Бизде убакыт өтө аз. Кечээтен бери 3 миң 270 доллар чогулду, 45 миң доллар чогултушубуз керек», — деп жазды ал.