«Бизди депутаттын уулу сүзүп кете бериши мүмкүн». Пикетке чыккан журналист Иса Өмүркуловдун уулу жазаланышы керек дейт

Журналист Элдос Казыбеков Бишкек ШИИБдин имаратынын алдына пикетке чыкты. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаевдин кылмыш ишинин токтотулганына нааразы экенин билдирди. Ал «жолдон абайлагыла, бизди депутаттын уулу сүзүп кетиши мүмкүн» дейт.

«Ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын жанында жалгыз пикетке чыктым. Депутат Иса Өмүркуловдун уулу — Азамат Исаевге карата сот процесси токтотулгандыгына нааразы болдум. Бул элдин бетине түкүргөндүк. 2011-жылы үч адамдын өмүрүн алган кырсыкка Азамат Өмүркулов кандайча күнөөлүү экендиги баарыбыздын эсибизде», — деди ал.

Азамат Исаев 15-май күнү кечинде жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөн велосипедчен кызды сүзүп кеткен. Ал өзүнүн Порше Панамера унаасында болчу. Жабырлануучу амбулатордук дарылануудан өткөн соң, арыз жазуудан баш тарткан. Мындан тышкары, окуя болгон күнү айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткандыгы маалым болгон. Ал эми бүгүн, 22-майда Бишкек ШИИБ Азамат Өмүркуловго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулганын билдирди. Алар буга жабырлануучу велосипедчен кыздын арыз жазбаганын жүйө келтиришти.