«Бизди эмнеге сотко чакырышкан жок?». Октябрь окуяларында жабыркагандар митинг өткөрүштү

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун жанында Октябрь окуяларында жабыркагандар жана алардын жакындары митинг өткөрүштү. Алар Октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү болуп жатканын угуп келишкенин, аларды эч ким сотко чакырышпаганын билдиришти. «Эмне үчүн сот ошол окуяда жабыркагандар жок өтүп жатат?» деп суроо салышты митингдин катышуучулары.

Алар ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп турган Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри болуп турган Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында «Ала-Тоо» аянтында 150дөй жаран жабыркаган, алардын көбү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Нааразылык акциясына чыккандар дарыланууга муктаж экенин, алган жараатынан улам ишке жарамдуу болбой калганын билдиришти. «Адегенде бул окуянын катышуучуларына жардам бере турган «Үмүт» деген фонд түзүлгөн. Бирок ал иштебей жатат. Бизди унутуп коюшту. Бардык инстанцияга кайрылдык, эч ким бизге көңүл бурбай жатат», — дешти митингдин катышуучулары.