«Биздин ИНН менен башка бирөөгө паспорт беришиптир». Жактоочу 20 жаштагы бала эки жылдан бери паспорт ала албай жүргөнүн айтты

Жактоочу Шердор Абдыкапаров бир баланын жеке идентификациялык номери боюнча башка бирөөгө паспорт берилип, ал эки жылдан бери паспорт ала албай жүргөнүн айтып чыкты.

«Мага баласына эки жылдан бери паспорт ала албай жатканын айтып апасы кайрылды. Учурда уулу 20 жашта экен. Биринчи жолу 18 жашында паспорт алганы барса, анын ИННи (жеке идентификациялык номер), аты-жөнү тууралуу бардык маалыматтар, дареги менен кошо жазылып, башка бирөөгө паспорт берилип калыптыр. Болгону сүрөтү менен кол тамгасы башкача экен. Териштирүүдө ал жаран бир нече жолу Орусияга барып келгени маалым болгон», — деди жактоочу.

«Мен арыз менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине, прокуратура, Мамлекеттик каттоо борборуна, акыйкатчыга, райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылгам. Биринен да жыйынтык болгон жок. Каттоо борборунан катачылык кеткенин, башка жаңы ИНН алууга болорун жана менин өздүгүмө катталган жаран издөөдө экендигин айтышты. Биздин күбөлүктөгү идентификациялык номер боюнча башка бирөө паспорт алып алган болсо, биз кантип жаңы ПИН алабыз? Эгер ал киши кылмыш кылып, паспорттогу маалыматтар менен кредит алып, издөөдө жүргөн болсо, ага ким жооп берет? Албетте, дарек боюнча бизге келишет да», — деп арызданган эне.