«Биздин кызмат ары коркунучтуу, ары оор…» Инспектордун сел суусун кечип жол көзөмөлдөгөн видеосу элдин көңүлүн бурду

Инспектордун сел суусун кечип Боом капчыгайында кыймылды көзөмөлдөгөн видеосу элдин көңүлүн бурду.

Бүгүн, 5-август күнү Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган.

Жаратылыш кырсыгы болгон жерге Транспорт министрлигинин техникалары тартылып, алгач жолдун бир тилкеси ачылып, унаалар кезеги менен жүрүп баштаган.
Учурда селден улам жабылган жол толугу менен ачылды.