«Биздин үйдө саат сайын жаңжал болот, тажадым» дейт майыптыгы бар эне

Дамира Шамбетова Майлы-Суу шаарынын тургуну. Келиндин майыптыгы бар, тагыраагы бир капталы начар иштейт. Ал чиедей балдарын жетелеп, борборго ортоңку баласын дарылатканы келип турат. “Дени сак жигит аял кылып албайт деп, өзүмө окшош майыптыгы бар адамга турмушка чыккам” деген каарманыбыздын баянын уктук.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номерлер: 0559 69 11 91, 0505 60 99 22 (О!деньги)

«Жолдошум экөөбүз тааныштар аркылуу табышканбыз. «Менин майыптыгым бар болсо, майыптыгы бар эле адамга турмушка чыгам» дегем. Бир колдоп бардык ишти кыла алам. Келет дагы баарын кылдат карайт. Жаңжалга себеп таппаганда «сен өткөндө мага мындай дедиң ээ» деп уруш чыгарат. Токтото албайсың, аны сөз менен жеткире албайм. Кетип калайын десем, бара турган жерим жок. Бир туугандарыма бир нерсе десем эле «сен кечке жалдырай бересиңби?» дешет», — деди ал.

Ал ошондой эле жолдошунун майыптыгы бар экенине карабай, аны шылдыңдарын айтат. Үйгө мейман деле келбейт деген келин жаңжалдан тажаганын айтты.