Жапыкеев пандемиялык кырдаал бизнеске терс таасир тийгизгенин, эми анын укугун коргоочу орган катары Финансы полициясы ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтты.
«Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеши керек. Мындай укук бузуулар мыйзамга жана бизнес эркиндигине ишенимди кетирет», — деген Сыймык Жапыкеев.
Ал Финпол кызматкерлери бизнеске кысым көрсөтүп, коррупциялык иштерге аралашканы байкалса, катаал чараларды көрө турганын эскертти.