Блогер Эртай Искаков менен чогуу кармалган эки жаран да камакта калтырылды

Кечээ, 1-августта Чүй облустук сотунда блогер Эртай Искаков менен Селекционное конушунун эки тургунунун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыз каралып, Сокулук райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

Тактап айтканда, Эртай Искаков менен кармалган дагы 2 жаран 15-сентябрга чейин камакта болот.

14-июлда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тосушкан. Искаков менен эки тургун жол тоскон акцияны уюштурууга катышкан деп шектелип кармалган.