Блогер жана журналист Илья Варламов: «Эң кооз жолдордун бири Ош-Бишкек жолу деп айта алам»

Блогер жана журналист Илья Варламов өткөн жумада Ош шаарына келген. Ал өзүнүн Инстаграм, Телеграм-каналына Оштун кооз жерлерин тартып, шаар менен өзүнүн социалдык түйүндөгү катталуучуларын тааныштырып жатты. Ал эми кечээ, 13-июлда ал Телеграм-каналына сүрөттөрдү жарыялап, Бишкек-Ош жолун эң кооз жолдордун катарына кошту.

«Бүгүн эртең менен мен коркунучтуу күнгө даярданып жаткам, Оштон Бишкекке унаа менен барышым керек болчу! Бул болжол менен 650 чакырым, бирок жол татаал. Айдоочу ойлонуп 12-14 саат жол жүрүшүбүздү айтты. Бирок! 17 саат! 17 сааттык жол жүрүүдөн кийинки кубанычты сөз менен жеткире албайм. Кулагы укпаган адамга музыка эмне экендигин кантип түшүндүрсө болот. Мүмкүн эмес! Мен көп жерлерде болдум жана Оштон Бишкекке чейинки жол эң сонун жолдордун бири деп айта алам! Жолдо бактылуу жана боорукер адамдарга жолуктум! Алар боз үйдө үй-бүлөлөрү менен чогуу жашап, уй, жылкы багып, куурдак жеп, кымыз ичишет. Бакыт үчүн дагы эмне керек? Таптакыр башка жашоо. Сиз дагы деле түшүнбөйсүз! Эх, кандай сонун күн!»,— деп жазды ал.