«Блогер оорукананын коридорунда 2 мүнөт гана жаткан» деген жетекчи видео менен бөлүштү

Ош облустук оорукананын жамааты кечээ, 26-декабрда жаңы жылдык кече өткөрүп, бейтаптарды коридордо күттүрүштү. Бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына блогер Аружан Бекешева жазды.

Аны «Тез жардам» унаасы менен Баткенден Ошко жеткиришкен. Бирок облустук клиникада дароо кабыл албай, рентгенге дагы түшүрүшкөн эмес. Анын айтымында, буга дарыгерлердин кечеси себеп болгон. «Достор Ош облустук оорукананын коридорунда жатам, себеби бүгүн корпоратив экен. Рентгенге дагы ушуга байланыштуу түшүрбөйбүз дешти»,деген ал.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош облустук оорукананын жетекчиси Атабек Жумалиев менен байланышканбыз. Ал окуянын видеосу менен бөлүштү.

26-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө 2000-жылы туулган Аружан Бекешева аттуу бейтап түшкөн. Бейтапты күзөттөгү дарыгер травматолог Султан Жусупбеков кабыл алып, бир сыйра короодон өткөрүп, диагноз аныктап, нейрохирургия бөлүмүнө бейтап баянын ачып, бөлүмдүн 4 орундуу 3-палатасына жаткырган.

Бейтап нейрохирургия бөлүмүнө барган учурдан 2 мүнөт 40 секунддун ичинде палатага жайгаштырылган, коридордо болгону керебеттин шейшептерин алмаштырганча 2 мүнөт 40 секунд коридордо болгон.

Ооруканада ар дайым күзөттөгү дарыгерлер өз милдеттерин аткарып, ар бир бейтапты кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүп, тийиштүү бөлүмдөргө жайгаштырышат. Дарыгерлер үчүн блогерлер болобу, катардагы карапайым бейтап болобу айырмасы жок. Азыркы учурда бейтапка кошумча изилдөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө.