Блогер, ырчы, активисттер кулак-мурду кескиленген келинди колдоо үчүн сотко барышты

“Жетишет” демилгечи тобунун активисттери 25-январда Сокулук райондук сотуна мурдагы күйөөсү мурдун жана кулагын кесип салган Асел Ногойбаеваны колдоо үчүн барышты.

Активист Айжамалдын айтымында, мындай кылмышка барган адам Аселдин жана анын балдарынын өмүрүн коргоо үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышы керек.

«Бул адам биздин коом үчүн өтө коркунучтуу. Биз башка жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салган ар бир адам татыктуу жазасын алышы керек», — деди ал.

Активисттердин арасында блогер Элдана Foureyes жана ырчы Зере бар.