Блогердин жолдогу жоругу көпчүлүктү кыжырдантты (видео)

Көпчүлүккө Омка аты менен белгилүү болгон блогердин жолдогу адамдар өтүүчү өтмөккө туруп алып, айдоочулардын кыжырын кайнаткан видеосу тарап жатат.

Видеодон көргөндөй, ал ага берилген тапшырманы аткарып жатканы айтылган. Бул колдонуучулар тарабынан да катуу сынга алынып, блогердин катталуучуларынын көбү жеткинчектер экенин айтышып, жол тескөөчүлөр тарабынан жазасын алсын дегендер болууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда, анын чакыртылганын, маалымат бир нече убакыттан соң берилерин айтышты.