Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүн жазды

Кыргызстанда төрөлүп-өскөн, профессионал боксчу, Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери, бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол социалдык тармактагы баракчасына Ысык-Көлдө түшкөн сүрөтү менен бөлүштү.

«Ысык-Көл – жан дүйнөң, денең, ойлоруң эс ала турган саналуу жерлердин бири»,- деп жазды ал.