Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы эл аралык лицензиялык мелдешке катышат. Олимпиадага жолдомо бере турчу акыркы турнир Бангкок шаарында (Таиланд) 23-май күнү башталат. Анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат.
Бүгүн, 21-майда УКМК төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев 24-майда Бангкокто өтө турчу лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушуу өткөрдү. Ал улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, ар бир кыргызстандык спортчуда мекенге болгон сүйүү күчтүү болсо, талыкпай эмгектенип, тынымсыз аракет кылса, сөзсүз ийгиликти багындыра тургандыгын белгиледи.
Өз кезегинде спортчулар жана машыктыруучулар өлкө президентине жана Улуттук бокс федерациясынын вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарга ээ болуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп убада беришти.
Эртең, 22-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз...
Бишкектин Октябрь райондук соту 21-майда журналист Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Процесс маалында айыптоо актысы окулду жана...
Чүйдө Айжамал Анаркул кызы дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 24-апрелде Жайыл РИИБге жаран кайрылып,...
Бүгүн, 21-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясы темасында тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн...
ЖАКтын №14 мекемесинде энелер күнүнө карата «Сагындым апа өзүңдү, жылмайган тунук жүзүңдү» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу...