Бокс боюнча улуттук курама команда Таиландда өтө турчу лицензиялык мелдешке катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы эл аралык лицензиялык мелдешке катышат. Олимпиадага жолдомо бере турчу акыркы турнир Бангкок шаарында (Таиланд) 23-май күнү башталат. Анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат.
Бүгүн, 21-майда УКМК төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев 24-майда Бангкокто өтө турчу лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушуу өткөрдү. Ал улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, ар бир кыргызстандык спортчуда мекенге болгон сүйүү күчтүү болсо, талыкпай эмгектенип, тынымсыз аракет кылса, сөзсүз ийгиликти багындыра тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде спортчулар жана машыктыруучулар өлкө президентине жана Улуттук бокс федерациясынын вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарга ээ болуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп убада беришти.

Курама команданын тизмеси:

51 килограмм — Анвар Ходжаев;
57 килограмм — Мунарбек Сейитбек уулу;
63,5 килограмм — Асхат Култаев;
71 килограмм — Нурадин Рустамбек уулу;
80 килограмм — Өмүрбек Бекжигит уулу;
92 килограмм — Эркин Адыл уулу;
Башкы машыктыруучу — Төлөгөн Данияр уулу;
Улук машыктыруучу — Улан Сагынбаев;
Машыктыруучу — Беганас Султанбаев.