Бокс боюнча улуттук кураманын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жашында каза болду

Кечээ, 6-декабрда Бокс боюнча улуттук кураманын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жашында каза болду. Ал  Улуттук хирургиялык борбордо жандандыруу бөлүмүндө жаткан жана буга чейин анын уулу атасына кан керектигин айткан.

Адылкан Бекболотов СССРдин спорт чебери, бокс боюнча СССРдин курама командасынын мүчөсү, республиканын он жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон. Ал карьерасында атактуу мушкерлер Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен беттешкен. Баш-аягы 350 беттеш өткөрүп, анын 320сында жеңүүчү аталган. Адылкан Бекболотов эки колу менен тең кубаттуу сокку жасай алгандыгы менен таанылган.

2009-2017-жылдары бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. «Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» жана «Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамдарына ээ. 2014-жылдан бери Боксту өнүктүрүү фондунун директору болуп иштеп келген.

Адылкан Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 8-декабрда Түп районунун Күрмөнтү айылында өтөт.

SUPER TV каналынын эмгек жамааты Адылкан Бекболотовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.