«Болгар калемпири, алма, райхан…» Оштон өзгөчө чалап

Бүгүн, 11-июлда депутат Жанар Акаев Фейсбук баракчасына Ош шаарынын аэропортко бара жаткан жолунда сатылып жаткан чалап тартылган видео жүктөгөн.

Анда кадимки эле айранга болгар калемпири жана алма салып алып, райхан менен аралаштырып куюп бергенин көрүүгө болот. Бул видеону көргөн интернет колдонуучулар даамын жана дарегин сурап кызыгышууда.