Болгарияга бармакчы болгон кыргыз кыз Стамбулда дайынсыз болуп жатат

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргыз жаранынын дайынсыз жоголушуна жана издөөгө алынгандыгына байланыштуу маалымам таратты.

24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигине издөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен Нота жөнөтүлгөн. Учурда Стамбулдун тиешелүү укук коргоо органдары издөө иштерин жүргүзүүдө. Башкы консулдук Стамбул шаарынын укук коргоо органдары, дайынсыз болуп жаткан кыздын жакындары менен тыгыз байланышта болгондугун жана бул маселени өзгөчө көзөмөлдөп тургандыгын маалымдайт.