Болгарияга бармакчы болуп, Стамбулда жоголгон кыргыз кыз полицияда

Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен кыргыз кыз табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы Түркиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында бүгүн, 5-июлда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованы табышкан. Азыркы учурда Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда.