Болгарияга бармакчы болуп, Стамбулда жоголгон кыргыз кыз табылды

Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыз аман-эсен табылды. Маалыматты Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Би-би-Сиге билдирген.

Башкы консул кыз качан жана кимдер тарабынан табылганын тактаган эмес.

24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган.