«Болгону 3 күн». Улуттук госпиталда МРТ акысыз жүргүзүлөт

22-24-ноябрда Улуттук госпиталда МРТ акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Акысыз диагностикага жазылуу үчүн:

• ҮДТ/ҮМБнын дарыгеринин жолдомосу;

• Эч кандай алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону курсак көңдөйүн текшерүүдө ач карын баруу керек.

Кабыл алуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт.

Кабыл алууга төмөнкү телефон аркылуу жазылсаңыз болот: 0 709 90 55 11. Нур менен диагностикалоо бөлүмүнүн башчысы Эрмекова Салия Кулназаровна.