«Болгонун болгондой айттым». Максат Кунакунов УКМКга сурак берип чыкты

Бүгүн, 30-ноябрда Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Максат Кунакунов УКМКга суракка чакыртылды. Кечээ, 29-ноябрда БШКнын алдына митингге чыккандардын арасында бул талапкер бар болчу. Ал сурактан чыгып, журналисттерге сурак тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, суракта «шайлоодо эмне жаккан жок?» деген суроолор берилген. «Мен болгонун болгондой айтып бердим. Шайлоодогу финансылык маселелерди, каяктан каражат алганымды, кандай коротконумду сурашты. «БШКнын алдына эмне маселе менен чыктыңыз?» деген да суроо болду. Мен өз укугумду коргоп чыкканымды айттым», — деди ал журналисттерге.