«Болжолдуу 25-30 жашта». Милиция Чолпон-Атада жансыз денеси табылган жарандын атын тактоого жардам сурайт

Ысык-Көлдүн милициясы каза болгон эркек кишинин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Малыматка караганда, 23-февраль күнү Чолпон-Ата шаарынын түштүк тарабында жайгашкан аймакта табылган европалык түспөлдөгү белгисиз эркек адамдын аты-жөнүн аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБи жарандарга кайрылат. Денесин кароо учурунда криминалдык тактар аныкталган эмес.

Белгилери: болжол менен 25-30 жашта, бою 168-170 сантиметр, арык, көздөрү күрөң, каштары кара, чачы кыска жана сары түскө боёлгон.

Кийген кийими: кара түстөгү кыска куртка, кара-көк түстөгү шым, ак көйнөк, кара түстөгү кроссовка.

Кимде маалымат болсо, 0502106767, 0709203087, же болбосо 102 кызматына кабарлап коюуну өтүнүшөт.