«Бөлөм эки жолу зордуктагандан кийин боюмда бар экенин билгем» дейт жалгыз бой эне

Бүгүнкү каарманыбыз колуна 3 жашар кызын жетелеген жалгыз бой эне. Ал “бөлөм эки жолу эркиме каршы зордуктаган. Боюмда бар экенин 3 айдан кийин билдим” дейт. Жаш келин бул тагдырга кантип туш болгонун айтып берди.

«Менин атым Гүлзат. 33 жаштамын. Швейный цехтердин биринде бөлөм менен эч жаман оюм жок иштеп жүрчүмүн. Ал Орусиядан келип, «жумуш таап бериңиз» дегенинен жумуш таап бергем. Декабрь айы болчу. Мас абалда келип, мени зордуктап салды. Бирок ал «мени кечирип коюңуз, мен эмне болгонун билбейм калдым» дегенинен нес абалда болуп, милицияга да берген эмесмин. Окуя менин ижарага алган батиримде болгон. Түнү менен иштеп калганда, ал менин үйүмдө калып калчу. Менин эч жаман оюм жок болчу. Күчкө салып зордуктады. Менин такыр алым жетпей койду. «Келбе» деп кыйкырдым, келбей калган. Январь айында кайра келип, кайра зордуктап кетти. Анан боюмда бар экенин билдим, айтсам мени бардык жерден блоктоп салды»,— дейт ал.