Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бүгүн, 23-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралат.

Бишкек ШИИББинин имаратынын жанында Болот Назаровду колдогон митингде төкмө акын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда соттун имаратына чыгып кеткен. Абдиев журналисттерге «Азыр сотко алынып баратат. Үй камагына чыгарылды. Ал жерде 15-20 мүнөт болот, андан кийин үйүнө кетет» деди.