Болот Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси кызматынан бошотулду. Анын ордун ким ээледи?

Отунбаев Болот Исакович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Америка Кошмо Штатынын Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ордуна Бактыбек Аманбаев дайындалган.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.