Болот Шамшиевдин жакындары режиссер ката коюлган диагноздон улам каза болгонун айтып чыгышты

2019-жылдын 21-декабрында белгилүү режиссер Болот Шамшиев 78 жашында каза болгон. Бир жыл өткөн соң анын үй-бүлөсү режиссерго туура эмес диагноз коюлганын айтып чыгышты.

Болот Шамшиев 2019-жылдын 17-ноябрында ичеги инфекциясынан улам ооруп калып, үйдө 5 күн жатып жакшы боло албаган соң, 22-ноябрда Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу клиникага жаткырылган. Оорукананын реанимация бөлүмүндө 1 ай жатып, 21-декабрь күнү каза болду”, — деп жазылат үй-бүлөсүнүн маалыматында.

Жакындарынын айтымында, режиссердун бир ай ооруканада жатуусу – бул врачтардын ишин жакшы билбегендигинен жана медициналык инфраструктуранын эң эле начардыгынан улам болгон. “Башынан эле диагноз ката коюлган, убагында керектүү иштер жасалган эмес, айрым врачтардын ишине терең ойлонуп карабагандыгы, тийиштүү дарылоону жүргүзбөгөндүгү – мунун баары улгайып калганына карабай ден соолугу чың, баарынан да узак жашагысы келген адамдын өмүрүн сактап ала албай калууга жеткирди”, — дешет режиссердун жакындары.

Каза болоруна бир апта калганда, жашап кетүүгө мүмкүн болбой калганда Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз менен кызы Сүйүүтайдын демилгеси менен жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча атасынын уулануусунун себеби эң жөнөкөй ичеги инфекциясы болгону аныкталган. Ал оорудан адам кадимки эле Бишкектин бардык дарыканасында сатылган антибиотиктердин жардамы менен жакшы болмок экендигин үй-бүлөсү коомчулукка жеткирди.

Сөзүнүн соңунда режиссердун үй-бүлөсү эч кимди күнөөлөбөй турганын, бирок бул маселенин улуттук масштабда экенин таанып, анын чечилерине үмүт кылышарын айтышкан.