Болот Темиров: «Өзүбүздүн мыйзамдуу жерибизди тарата берсек, анда Кыргызстанда эч нерсе калбайт»

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкекте жүрүш өтүп жатат. Журналист Болот Темиров жөө жүрүшкө кечээги окуя түрткү болуп келгенин айтты.

«Ар бир адам өз пикирин ачык айтканга укугу бар. Мындай куугунтук туура эмес. Кемпир-Абад боюнча да өз оюм бар. Талаштуу жерди Кемпир-Абадга алмашкан туура эмес. Өзүбүздүн мыйзамдуу жерибизди тарата берсек, анда Кыргызстанда эч нерсе калбайт. Менин пикирим туура эмес. Буларга эмне түрткү болду белгисиз», — деди ал.