Болот Темировдун иши. Сот мыйзамсыз далилдерди алып салуудан баш тартты

Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун адвокаттарынын иштен мыйзамсыз далилдерди алып салуу боюнча арызын кароосуз калтырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Мыйзамсыз далилдерди алып салуу боюнча биздин арызыбыз канааттандыруусуз калтырылды, судьялардын бардык мыйзамсыз аракеттери жана тергөөчүлөрүнүн чечимдери мыйзамдуу деп табылды. Азыр биз негизги соттук отурумдарга даярданып жатабыз. Абсурд уланууда. Соттор дагы бир жолу эч ким эмес экенин далилдешти», — деп жазган ал.