Болот Темировдун кесиптешинин видеосу интернетке жайылып кеткени боюнча УКМК үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети айрым адамдардын «интернет тармагында жеке жашоо материалдардын пайда болушуна ведомствонун тиешеси бар экендиги жөнүндө» билдирүүсү боюнча маалымат таратты.

«Журналист Болот Темиров, акын Болот Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеотасмалардын таралышына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз. Кээ бир кызыкдар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, «катуу сөздөрдү, эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген жана төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон. 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары  ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымындаНазаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.