Бөлтүрүк: «Март айында «Кумтөрдө» 1,7 миллиард доллар болгон, бирок «Centerra» бул эсептерди жаап салган»

«Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин акыркы жыйыны 2021-жылдын 18-мартында болгон. Жолугушуунун протоколуна ылайык, «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде 1,3 миллиард доллар болгон, ошондой эле 2020-жылга карата 400 миллион доллар кошумча киреше которулган”, — деп билдирди бүгүн, 21-июнда «Биринчи радионун» түз эфиринде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк. 

Анын айтымында, «Кумтөр Голд Компанинин» бардык эсептерин «Centerra Gold Inc.» көзөмөлдөчү. «Эсептердеги сумма жеткиликсиз болуп калгандыгына байланыштуу, алтынды сатып, акчасынан кызматкерлерге айлык төлөө чечими кабыл алынды», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, 17-майда парламенттин отуруму болуп, анда мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү отчет беришкен. «Центерранын» жетекчилиги 15-майдан 16-майга караган түнү кендеги жана Бишкектеги кеңселердеги бардык серверлерди өчүрүп салгандыгы жөнүндө бизге билдиришти», — деди ал.