«Бонецкий» пандемиядагы кымбат ПЦР-тести үчүн 423 миллион сом айыпка жыгылды

Монополияга каршы кызмат тарабынан лабораториялык изилдөө рыногунда “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКнан (Бонецкий лабораториясы) 423 миллион сом өлчөмүндө республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн талдоого ылайык, “Интелмед” ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында (Covid-19 пандемиясы) өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып, коронавирустук инфекцияны ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына монополиялык жогорку бааларды койгон.