Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
«Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.
Бообек Ажикеев бүгүн, 19-августта 60 жашка чыкты.











