Боом капчыгайында жааган кардан улам жол муз болуп, тыгын пайда болду (сүрөт)

Боом капчыгайында жааган кардан улам жол тоңголок болуп, тыгын пайда болду. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты. 

«Муз, тыгын. Эмне үчүн Транспорт министрлиги жолдорго туз себүүнү алдын ала ойлонбойт? Бул жерде күн сайын кырсыктар болуп турат, кар жаагандан кийин андан да көп болот! Бийликтегилер кайда? Чет элдик сапарларга акчаны 5 секунддун ичинде тапса болот, бирок ар дайымкыдай эле жолдорго акча жок», — деп жазды Алена Хоменко.