23-27-май күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Таштарды түшүрүү жолдун 129-чакырымында жүргүзүлөт. Иш күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылгандан кийин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоодо унаалар бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.