Боом капчыгайында кар жаап, туман каптап жатат (видео)

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылып, Боом капчыгайында туман каптап жатканын билдирди.

«Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы туман болуп, жаан карга айланып жаап жатат. Айдоочуларга бардык коопсуздукту жана жол эрежелерди так сактоого жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга которууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.