Боом капчыгайындагы “Кербен” кафесинин аймагында жол жээгиндеги бадалдар менен электр мамылары өрттөнүп жатат.
ӨКМ маалымат таратып, Тоң районундагы Көк-Мойнок 2 айылында токойдон өрт чыкканын, өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 2 бөлүм, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 28 куткаруучу, Токой чарбасынан 16 кызматкер, саат 14:40та кошумча Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1 бөлүм тартылганын билдиришти.
Ал эми Боом капчыгайында жайгашкан «Кербен» кафесинин аймагындагы токойдон чыккан өрт саат 14:10до өрт чектөөгө алынган.