Боом капчыгайында таштарды кулатып түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында 4-октябрдан 8-октябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам жол саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Транспорттор бир гана тилкеден өтөт.