Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 14 жаштагы кыз каза болду

Боом капчыгайында үй-бүлө жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 16:20да Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 142-чакырымында Toyota Prius автоунаасынын 1973-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай, бетон тосмону сүзгөн. Унаа оодарылып кеткен. 

Маалым болгондой, унаада айдоочунун аялы жана балдары болгон. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусунун 14 жаштагы кызы ошол жерден көз жумган. Жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.