Боомдо каттама жасап саткан апа Абу-Дабиде шейхтин ашпозчуларына мастер-класс өткөрүп жатат (видео)

Ысык-Көлгө кетчү жолдо каттама жасап саткан Лира апа Абу-Дабиде шейхтин ашпозчуларына мастер-класс өткөрүп жатат. Бул тууралуу блогер Адилет Ногойбаев билдирди.

Маалыматка караганда, аны шейх үй-бүлөсү менен Абу-Дабиге эс алууга чакырган. Ал арада апа анын ашпозчуларына каттама жасоо боюнча мастер-класс өтүп жатат. «Бүгүн эртең менен каттама менен боорсок жасап, шейхтин үй-бүлөсүнө беришти. Бул аларга аябай жакты», — деди ал.