Боомдо ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыктан каза болгон жерге белги коюлду (видео)

Чүй облусундагы Боом капчыгайында ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыктан каза болгон жерге белги коюлду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өкүл атасы Ишен Назаров тастыктады.

Маалыматка караганда, тактаны белги болсун деп Бекжан Темирхандын кайын журту орноткон.

Бекжан Темирхан 10-ноябрда жол кырсыктан 27 жашында каза болгон.