Боомдо төрт күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

29-апрелде жана 2-3-4-майда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды уратуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, аталган иштер күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.