Боомдо ылай суу кечип, жол кыймылын көзөмөлдөгөн жол тескөөчү кол саат менен сыйланды (сүрөт)

5-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында тактап айтканда, Боом капчыгайында сел жүргөн. Кесепетинен жол эки тараптуу жабылган. Соцтармак колдонуучулары тизесине чейин ылайга батып, жол кыймылын көзөмөлдөгөн жол тескөөчүнүн видеосу менен бөлүшүшкөн.

Бүгүн, 9-августта Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын жетекчилиги милициянын прапорщиги Бейшенбаев Жалалидин Үметбековичке ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөрүн айтышып, кол саат менен сыйлашты.