Боор алмаштыруу операциясына жардам берген түркиялык дарыгерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары ыйгарылды

Жогорку Кеңештин жыйынына төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашырылган боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, аталган ишти алып барган кыргызстандык жана түркиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган “Ишеним” парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов: “Кыргызстанда боор оорулары көбөйүп, бул жаатта операцияга муктаж жарандарыбыздын арбын экени баарыбызга маалым. Бул көйгөйдү өлкө башчысы да өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү иштерди алып баруу тууралуу тапшырмаларды берген. Ал арада Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинде эмгектенген мекендешибиз Закир Азизов демилге көтөрүп, алгылыктуу иштер башталган. Натыйжада аталган университеттин ректору Ахмед Кызылай башында турган дарыгерлер тобу Кыргызстанга келип эки жараныбызга операциясы жасашты. Операция ийгиликтүү болуп, кыргыз медицинасында өнүгүүнүн жаңы барагы ачылды”, – деди.

Андан тышкары, Инөнү университетинде жетимиштен ашуун кыргызстандык дарыгер бекер окуудан өткөнүн эске салды. Жолугушуу андан ары уланып, Нурланбек Шакиев Инөнү университетинин Тургут Өзал атындагы медициналык борборунун Боорду трансплантациялоо институтунун башкы директору, доктор Сезай Йылмазга, башкы дарыгери, доктор Адил Башкыранга жана “Кыргыз Эл Биримдик” коомунун аткаруучу төрагасы Аманбай Омурзаковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Ал эми Инөнү университетинин ректору Ахмед Кызылай боорду алмаштыруу жаатында жасалган операция Кыргызстан үчүн эле эмес, чөлкөмдөгү башка өлкөлөр үчүн да пайдалуу болорун кошумчалады.

Муну менен катар Тургут Өзал атындагы медициналык борборунун Боорду трансплантациялоо институтунун башкы директору, доктор Сезай Йылмаз мындай операция Түркияда алгач 1988-жылы жасалганын айтып: “Кыргызстандык дарыгерлер да тажрыйбасын арттырып, жакынкы жылдары саламаттыкты сактоо тармагында чоң бурулуштарды жасарына терең ишенебиз”, – деди.