Боору трансплантацияланган бейтаптар канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 10-июлда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барып, боору трансплантацияланган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Консилиум жана бардык керектүү текшерүүлөрдөн кийин эки бейтап тең канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.
Бейтаптар президент Садыр Жапаровго, министр Алымкадыр Бейшеналиевге жана бул операцияга катышкан бардык медицина кызматкерлерине өздөрүнүн кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
«Биз Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операциялар биздин жарандар үчүн бекер болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя жана ал президент Садыр Жапаровдун колдоосунун жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Биз ар бир жараныбызга жогорку деңгээлдеги тиешелүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн өлкөбүздөгү медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта беребиз», — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.