Борбор калаада көркөм муз тебүү боюнча чемпионат өтөт

23-24-апрель күндөрү «Шаардык муз тебүү аянтчасы» спорт-оюн-зоок комплексинде балдар жана жаштар арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаардык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мелдешке 40тан ашуун жаш спортчулар катышат. Бул 18 жаштан жогорку балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Коньки тебүү федерациясы уюштурууда.