Борбор калаага быйыл 1,5 миллиондой гүл отургузулат

Бишкектин көчөлөрүнө быйыл 1 миллион 400 миң гүл отургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар башкармалыгынын маалыматына ылайык, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында январь айында себилген бир жылдык гүлдүн уругу өнүп чыккан.

“Бир жумадан кийин көчөттөр алынып, отургузула баштайт. Апрель айынын ортосуна чейин Жеңиш аянты биринчилерден болуп гүлгө оролот. Биринчи этапта 400 миң гүл отургузулат”, — деп билдиришти Бишкек шаардык мэриясынан.