Борбор калааны кара ыш каптаган сүрөт элдин көңүлүн бурду

Кечээ, 1-декабрда бийиктиктен тартылган Бишкектин сүрөтү элдин көңүлүн бурду. Аны сүрөтчү Михаил Дудин тарткан. Сүрөттө Бишкекти кара ыш коюу каптап турганы көрүнөт.

Кадрга сүрөтчү “кимдир бирөө түтүн, кимдир бирөө туман дейт, мен ал да, бул да бар дейм” деген билдирүү жарыялаган. Сүрөттү көргөн колдонуучулар “шаардын бардык аймагында эле ушундай көрүнүшпү?” деп суроо салышкан. Дудин аларга “ооба” деп жооп берди. Анын айтымында, бул эффект атмосфералык инверсия деп аталат. Анда суук аба жогору жактан түтүндү жерди көздөй кысат.

Буга улай эле кечээ күнү саат 15:30да Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганган ири шаарлардын арасында кайрадан 1-орунга чыкты. Абанын кирдигинин мындай көрсөткүчү адамдын ден соолугуна коркунуч келтирет. Мындай учурда көчөгө бет капчан чыгуу, терезелерди ачпоо сунушталат.