Борбордо коронавирусту жуктургандар февраль-мартта көбөйүшү мүмкүн

Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу кырдаал турукташып калды. Бул тууралуу бүгүн вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

“Күн сайын 70тен 140ка чейин илдетти жуктуруп алгандар чыгууда. Бул багытта көрсөткүч аябай өсүп жатат дегенге болбойт. Ооруканаларда туура дарылоону жолго салышканы үчүн илдетти жуктуруп алгандардын 90 пайызы жакшы болуп кетип жатышат. Бейтаптардын санын көбөйтүп жибербөө үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз”, — деди Чыныбаева.

Вице-мэр борбор калаада коронавирусту жуктуруп алуу дагы качан кескин көбөйөрү тууралуу: “Бир божомолго ылайык, андай кезектеги толкун кийинки жылдын февраль-март айларына туура келиши мүмкүн”, — деп токтолуп өттү.